Лицейдин окуучулар «Жаштар уңгу жолунда» жумалыгына активдүү катышууда

Лицейдин окуучулар «Жаштар уңгу жолунда» жумалыгына активдүү катышууда

Ак-Суу районунда өткөрүлгөн «Жаштар уңгу жолунда» аталышындагы жумалыктын алкагында «Ак-Суу» Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейинин студенттери уюштурулган иш-чарага активдүү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер лицейдин ишмердүүлүгү, билим берүү багыттары жана кесиптик даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кызыктуу презентация жасашты.

Ошондой эле лицейдин өнөрпоз студенттери концерттик программада өздөрүнүн чыгармачылык өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. 🎤🎶

Мындан тышкары, студенттер спорттук мелдештерге активдүү катышып, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүү менен байгелүү орундарга ээ болушту. 🏆

Бул иш-чара жаштардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, спортко болгон кызыгуусун арттырууга, өз ара достук мамилелерди бекемдөөгө жана лицейдин жетишкендиктерин кеңири таанытууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Жеңүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ар дайым ийгиликтер коштоп, жаңы бийиктиктерди багынта бергиле! 🌟