«Ак-Суу» республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи — бул туризм, меймандостук жана мейманкана иши тармагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн түзүлгөн заманбап билим берүү мекемеси. Биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн Кыргызстанда гана эмес, андан сырткары да суроо-талапка ээ болушу үчүн сапаттуу кесиптик билимди, заманбап окутуу технологияларын жана эл аралык тажрыйбаны айкалыштырабыз.
Биздин билим берүү моделибиз практикага багытталган мамилеге жана дуалдык окутуу тутумуна негизделген. Бул тутум студенттерге бир эле учурда теориялык билим алууга жана реалдуу кесиптик тажрыйба топтогонго шарт түзөт. Иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташуунун аркасында студенттер туризм тармагындагы иштеп жаткан ишканаларда практикадан өтүшөт жана окуу учурунда эле өздөрүнүн келечектеги кесиби менен жакындан тааныша алышат.
Лицейде чет тилдерин үйрөнүүгө, санариптик компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө жана тейлөөнүн заманбап стандарттарын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Билим берүү программалары мыкты эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен иштелип чыккан, ал эми Австриянын билим берүү мекемелери менен кызматташуу адистерди даярдоого алдыңкы европалык тажрыйбаны киргизүүгө мүмкүндүк берет.
Биз кесипке ээ болуу үчүн гана эмес, инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн да бардык шарттарды түзөбүз. Лицей студенттерге өз дараметин ачууга, лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, командада иштөөгө жана кесиптик карьерасын ишенимдүү курууга көмөктөшөт.
Бүгүнкү күндө лицей туризм тармагынын суроо-талапка ээ болгон багыттары боюнча адистерди даярдайт, алардын ичинде: саякаттарды уюштуруу, мейманкана сервиси, туристтик багыттарды (маршруттарды) коштоп жүрүү, аспалы жолдордо (канатная дорога) иштөө, экстремалдык туризм жана кышкы спорт түрлөрү боюнча инструкторлорду даярдоо бар. Биздин бүтүрүүчүлөр мейманканаларда, туристтик компанияларда, спорттук жана туристтик борборлордо ийгиликтүү иштеп, ошондой эле эл аралык туристтик долбоорлорго катышып келишет.
Биз туризмдин сапаты — билимдин сапатынан башталарына терең ишенебиз. Дал ушул себептен билим берүү процессин тынымсыз өркүндөтүп, инновацияларды киргизип, ар бир студенттин заманбап билимге, практикалык көндүмдөргө жана өз келечегине болгон ишенимге ээ болушу үчүн бардык шарттарды түзүүдөбүз.