Кызмат көрсөтүү жана меймандостук тармагындагы кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү!
2026-жылдын 26–27-октябрында Республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи «Ак-Суунун» өнөктөшү болгон «Саймалуу» ресторанында кызмат көрсөтүү жана меймандостук тармагында иштеген лицейдин өнөктөштөрү үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлдү.
Окутууну Австриядагы Зальцбург туризм мектебинин (Школа Туризма Зальцбурга) өкүлү Фабиан Грубер (Fabian Gruber) өткөрдү.
📌 Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар конокторду тейлөөнүн заманбап ыкмаларын, кардарлар менен иштөөнү, даттанууларды башкарууну, ошондой эле ресторандык тейлөөнү уюштурууну үйрөнүштү. Практикалык сабактарга жана кесиптик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
🤝 Тренинг эл аралык тажрыйба алмашуу, өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө жана меймандостук тармагындагы тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Кызматташтыгы үчүн «Саймалуу» ресторанына, баалуу билими жана практикалык тажрыйбасы үчүн тренерге, ал эми активдүү катышып, кесиптик өнүгүүгө умтулган бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!