Австриянын өкүлдөрү «Ак-Суу» туристтик лицейине келишти

Австриянын өкүлдөрү «Ак-Суу» туристтик лицейине келишти

«Ак-Суу» Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейине Австриядан келген делегация иш сапары менен келди. Делегациянын курамында Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Доротея Ауэр (Dorothea Auer), Зальцбург шаарындагы Клесхайм туристтик мектебинин мурдагы директору жана консультант Лео Вёрндль (Leo Wörndl), ошондой эле туризм тармагында 42 жылдык кесиптик тажрыйбасы бар, Зальцбург прикладдык илимдер университетинде туризмдеги инновациялар багыты боюнча улук окутуучу болуп 15 жыл иштеген консультант Вернер Таурер (Werner Taurer) болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө коноктор лицейдин ишмердүүлүгү, туризм жана меймандостук тармагындагы адистерди даярдоонун негизги багыттары жана окуу процессин уюштуруу менен таанышышты.

Жолугушууда туристтик билим берүүнү өнүктүрүү, студенттердин практикалык даярдыгын өркүндөтүү, ошондой эле Австриянын билим берүү мекемелери жана туризм тармагынын адистери менен эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Бул иш сапар лицейдин эл аралык байланыштарын чыңдоого, кесиптик тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын туристтик тармагы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоодо заманбап ыкмаларды үйрөнүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.

«Ак-Суу» Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицейи кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүүгө жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар.

IMG_5607