«Ак-Суу» лицейинде JICA өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү
2026-жылдын 29-сентябрь күнү «Ак-Суу» Республикалык инновациялык туризм кесиптик лицеи Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга JICAнын ыктыярчылар координатору Мада Хидэки мырза жана ыктыярчылар программасын өнүктүрүү боюнча программанын улук адиси Иманалиева Айнура айым катышты.
Лицейдин атынан жолугушууга лицейдин директору Абдиева Банур Абдиевна жана окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Уржанов Мирлан Жаныбекович катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө лицейдин ишмердүүлүгү, билим берүү багыттары жана студенттерди туризм тармагына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле лицейде иш алып баруу үчүн япон ыктыярчыларын тартуу жана аларды кабыл алуу боюнча арыз берүү жол-жоболору талкууланды. JICAнын ыктыярчылар программасынын алкагында лицейдин муктаждыктарына ылайык ыктыярчыларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү, талаптар жана арыз берүү тартиби боюнча маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, билим берүү процессин өнүктүрүү, заманбап тажрыйбаларды киргизүү, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр талкууланды.
Жолугушуу өз ара пикир алмашуу жана келечектеги кызматташтыктын багыттарын талкуулоо менен жыйынтыкталды. Тараптар кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана студенттер үчүн практикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багытында мындан аркы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилешти.
