Жаңы окуу жылы башталды!
Биздин лицейде жаңы окуу жылынын салтанаттуу ачылышы болуп өтүп, окуучуларыбыз менен алгачкы сабактарды баштадык.
Лицейибизде жаңы окуу жылына арналган алгачкы салтанаттуу линейка өтүп, окуучуларыбыз менен биринчи сабактарды баштадык. ?✨
Бул күн жаңы этаптын башталышы — жаңы билимдерге, чоң максаттарга, кызыктуу ачылыштарга жана жаркын кесиптик келечекке карай алгачкы кадамдарга жол ачты.
Окуучуларыбызга ийгиликтүү окуу жылын, кызыктуу сабактарды, жаңы жетишкендиктерди жана өз күчүнө болгон ишенимди каалайбыз! Лицейдеги ар бир күн жаңы билим, пайдалуу тажрыйба жана алдыга койгон максаттарга жетүүгө дем берсин. ?
Жаңы окуу жылына кош келиңиздер!
Алга — билимге, кесипкөйлүккө жана жаңы бийиктиктерге! ?️?