Агартуу Министри лицейге келди

Агартуу Министри лицейге келди

2026-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева күтүүсүз иш сапары менен «Ак-Суу» республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейине барды.

Иш сапардын жүрүшүндө министр лицейдин ишмердүүлүгү, билим берүү мекемесинин учурдагы абалы менен таанышып, эмгек жамааты менен жолугушту. Лицейдин өкүлдөрү менен биргеликте мекемени мындан ары өнүктүрүүгө байланышкан негизги маселелер талкууланды.

Өзгөчө көңүл лицейде капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана жаңы окуу корпусун курууга, окуу-методикалык жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого, билим алуучулардын контингентин түзүүгө, окуу процессин уюштурууга, ошондой эле студенттерди зарыл болгон окуу китептери жана окуу-методикалык материалдар менен камсыз кылууга бурулду.

Ошондой эле дуалдык билим берүүнү өнүктүрүүгө жана алдыда өтө турган өндүрүштүк практиканы уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар лицейдин иш берүүчүлөр жана туристтик тармактын өкүлдөрү менен мындан аркы кызматташтыгын талкуулап, келечектеги адистердин практикалык даярдыгынын сапатын жогорулатууга багытталган маселелерди карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында лицейди мындан ары өнүктүрүү жана билим берүү процессин өркүндөтүү боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

«Ак-Суу» республикалык инновациялык туристтик кесиптик лицейи туризм, мейманкана кызматы жана меймандостук индустриясы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча ишин улантууда.

Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай — лицей 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди биринчи жолу кабыл алууда.